Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. 5 талапкер ат салышууда

Бул жолку шайлоого өлкөдө расмий түрдө иш алып барган беш партиянын тең талапкерлери ат салышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан билдирди.
Коңшу өлкөнүн бардык аймактарында саат 8:00дө шайлоо участкалары ачылды, алар 20:00гө чейин иштейт.
Бул жолку шайлоого өлкөдө расмий түрдө иш алып барган беш партиянын тең талапкерлери ат салышууда.
Дүйнө таң кала тургандай шайлоо өткөрөлү. Жапаров аткаминерлерге кайрылды
Өзбекстандын либерал-демократтар партиясы учурдагы президент Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөттү. Ал эми "Миллий тикланиш" партиясынан 46 жаштагы Алишер Кадыров, Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясынан 60 жаштагы Максуда Варисова, "Адолат" партиясынын 62 жаштагы лидери Бахром Абдухалимов, "Экология" партиясынан 46 жаштагы Нарзулло Обломурадов катышып жатат.