БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов дипломатиялык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Анда кыргыз калкы эзелтен улуттар аралык достукту бекемдеген, элдердин ортосундагы тыгыз байланышты камсыздаган элчилерге урмат-сый көрсөтүп, ага ар убак төрдөн орун бергени белгиленет.
"Себеби элчилик милдетти бардык эле адам аркалай алган эмес. Сөзгө чечен, кепке кенен, акылы тунук, билими терең инсан гана адамзатка таандык асыл сапаттары менен эки элге көпүрө боло алган. Өкүлчүлүк кызматты өтө тыкан аткарып, жоолашканды достоштурган, касташканды тууган кылган. Элчилик — кайсы мезгил, кайсы доор болбосун маанилүү вазыйпа. Азыркы ааламдашкан заманда тышкы алакабызды арттырып, эл аралык деңгээлдеги байланыштарыбызды чыңдоодо дипломатиялык кызматкерлердин салымы чоң", — деп айтылат төраганын куттуктоосунда.
Эске салсак, 24-октябрды Кыргызстандын дипломатия кызматкерлеринин күнү катары белгилөө өкмөттүн 1998-жылдын 21-октябрындагы чечими менен кабыл алынган.