БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн Ташкент шаарында бүт үй-бүлөсү менен келип добуш берди.
Өлкө президентинин сайтына чыккан сүрөттөрдөн Мирзиёев жубайы Зироатхон, кыздары Саида, Шахноза, күйөө балдары Ойбек, Отабек, кичүү уулу Давран жана неберелери менен келгенин көрүүгө болот.
Коңшу өлкөдөгү президенттик шайлоого расмий түрдө иш алып барган беш партиянын тең талапкерлери ат салышууда.
Өзбекстандын либерал-демократтар партиясы учурдагы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөткөн. Ал эми "Миллий тикланиш" партиясынан 46 жаштагы Алишер Кадыров, Өзбекстандын элдик-демократиялык партиясынан 60 жаштагы Максуда Варисова, "Адолат" партиясынын 62 жаштагы лидери Бахром Абдухалимов, "Экология" партиясынан 46 жаштагы Нарзулло Обломурадов катышып жатат.
Саат 11:00гө карата алынган маалымат боюнча, добуш берүүгө 6 669 522 адам катышты. Бул шайлоочулардын (19,86 миллион) 33,6 пайызын түзүп, президенттик шайлоо өттү деп таанылды. Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, босого чек 33 пайыз деп белгиленген.