Кытай космонавттары Ысык-Көлдүн космостон тартылган ажайып сүрөтүн көрсөттү

Сүрөттөн Кыргызстан менен Кытайдын чек арасын, Ысык-Көлдү, тоолор менен дарыялардын бириккенин көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кытайлык космонавттардын "Тяньгун" космостук станциясынан тарткан Ысык-Көлдүн сүрөтү интернетке чыкты. Кыргыз берметинин ажайып көрүнүшүн Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги өзүнүн Instagram аккаунтуна жарыялады. 
Сүрөт болжол менен 340-450 чакырым бийиктиктен тартылган. Андан Кыргызстан менен Кытайдын чек арасын, Ысык-Көлдү, тоолор менен дарыялардын бириккенин көрүүгө болот. Ошондой эле Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда жайгашкан Такла-Макан чөлү да тартылган.
Постко "Мына, тоолор менен дарыялардын биригиши" деген комментарий жазылган.