Үч адам каза болду. 24-октябрга карата COVID статистикасы

Учурда ооруканаларда 689 бейтап жатат, ал эми үй шартында 653 адам дарыланууда. Ооруга чалдыккандардын жалпы саны 180 563кө жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын аралыгында 96 адамдан COVID-19 аныкталды.
Жаңы катталган учурлар:
Ушуну менен ооруга чалдыккандардын жалпы саны 180 563кө жетти.
Кийинки жумада Pfizer BioNTech вакцинасынын келиши күтүлүүдө
Ошол эле учурда кечээтен бери 54 адам коронавирусту жеңип чыкты. Айыккандардын жалпы саны 175 061ди түзөт. Тилекке каршы, үч киши каза болгон. Алардын вакцина албаганы белгиленет. Пандемия башталгандан бери 2 653 кыргызстандык көз жумду.
Ооруканаларда 689 бейтап жатат, ал эми үй шартында 653 адам дарыланууда.
Ошол эле учурда 6 993 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен 4 124ү биринчи дозаны, 2 869у экинчи дозаны алган.  Жалпысынан вакцинанын биринчи дозасын алгандар — 943 627, экинчисин алгандар 716 197ге жетти.