Бишкекте белгилүү кафенин тамагына ууланган 12 адам ооруканага түштү

Азыркы тапта ооруканада үч аял жатат, абалдары туруктуу деп бааланууда. Калганы алгачкы медициналык жардам алып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкекте "Империя пиццы" кафесинен ролл жеп ууланды делген 12 адам ооруканага түштү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө 23-24-октябрь күндөрү тамакка ууланып 12 адам түшкөн. Анын үчөө жаш бала.
"Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамактануу гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашевдин билдирүүсү боюнча, жабыркагандар "Империя пиццы" кафесинен ролл жешкен. Адистер эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Азыркы тапта ооруканада үч аял жатат, абалдары туруктуу деп бааланууда. Калганы алгачкы медициналык жардам алгандан кийин үйүнөн дарыланууга жөнөтүлгөн.
Аталган кафе окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.