БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 10 мамлекеттин элчилерин өлкөдөн чыгарууну тапшырганын РИА Новости жазды.
Эрдоган мындай билдирүүнү Эскишехир шаарында сүйлөп жатып жасаган.
"Мен тышкы иштер министрине бул элчилерди персона нон-грата деп жарыялоо үчүн тез арада чара көрүүнү тапшырдым", — деген ал.
Буга чейин Канада, Франция, Финляндия, Дания, Германия, Нидерланд, Жаңы Зеландия, Норвегия, Швеция жана АКШ мамлекеттеринин элчиликтери түрк бийлигин укук коргоочу Осман Каваланы бошотууга чакырган.
Түркиянын ТИМи бул өлкөлөрдүн элчилеринин чакырыгын тастыктап, дипломатиялык мамилелер боюнча Вена конвенциясын сактоо зарылдыгын эскерткен. Түркиянын министрлиги Эрдогандын билдирүүсү чыккандан алты саат өткөнгө чейин эч кандай комментарий берген жок. Аттары аталган 10 элчиликтин бири да персона нон-грата деп жарыяланганын айта элек.
Осман Кавала — Anadolu Kültür AŞ маданий фондунун негиздөөчүсү, түрк жана армян калкынын ортосундагы элдештирүү жана күрд маселесин тынчтык жолу менен чечүү сыяктуу эл аралык маанидеги этникалык жана диний азчылыктардын долбоорлорун колдойт.
2013-жылы Стамбулдун Гези паркындагы нааразылык акцияларында өкмөттү кулатуу аракетине катышкан деп айыпталган Каваланы 2020-жылдын февралында Түркиянын соту актаган. Ошол эле күнү Стамбулдун прокуратурасы аны камакка алуу боюнча жаңы ордер чыгарган. Кавалага бул жолу 2016-жылы июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине катыштыгы бар деген айып тагылууда.