Чүйдүн улакчылары көк бөрү боюнча республикалык мелдеште чемпион болушту

Турнир облустук форматта өтүп, ага өлкөнүн жети облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын командалары катышты. Оюндар Сокулуктагы "Белек" ат майданында өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Чүй облусунун командасы Көк бөрү федерациясынын 25 жылдыгына жана улуттук оюндун эрежелерин иштеп чыккан авторлордун урматына арналган республикалык мелдешти жеңип алышты. Бул тууралуу аталган федерациянын маалымат кызматы билдирди.
Чүйлүктөр финалда Ош облусунун командасы менен кез келип, 8:2 эсебинде утуп кетишти.
Улуттук оюндун эрежелерин иштеп чыккан Болот Шамшиев, Темир Дүйшөкеев, Болот Шер, Мамыркожо Бөкөнбаев жана Жетиген Маадановдун урматына арналган мелдеш 18-октябрда башталган.
Камчаткадагы кыргыздар "Көчмөндөр оюну" этноспорттук фестиваль өткөрөт
Облустук форматтагы турнирге өлкөнүн жети облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын командалары катышты. Үчүнчү орунга Талас, төртүнчүгө Ысык-Көл командалары илинди.
Оюндар Сокулуктагы "Белек" ат майданында өттү.
Байгелүү орундарды ээлегендерге акчалай сыйлык берилди. Мындан сырткары, мелдеште өзгөчөлөнгөн улакчылар менен мыкты аргымактарга да белектер ыйгарылды.