БШК Талант Мамытовду депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартты

Жумушчу топ, Шайлоо мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Мамытов кызматтык ыйгарым укуктарын токтотпогонун негиз кылып БШКга сунуш берген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду парламенттик шайлоого катышуу укугунан ажыратты. Бул туурасында чечим БШКнын бүгүн, 24-октябрдагы, жыйынында кабыл алынган.
Мамытов "Ынтымак" саясий партиясынын тизмеси менен шайлоого аттанган. БШКнын жумушчу тобу, Шайлоо мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Мамытов кызмат ордунан кетпегенин негиз кылып аны талапкер катары каттоодон баш тартууну сунуштады.
"Талант Мамытов берген документинде Жогорку Кеңештин төрагасы ыйгарым укуктарын токтоткону же жумуштан кеткени тууралуу маалымат тиркелген эмес", — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада БШКнын 10 мүчөсүнүн макулдугу менен Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тартуу чечими кабыл алынды.