БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Садыр Жапаров президенттик администрациянын Ырайым кылуу комиссиясынын катчысынын пара алып кармалышы тууралуу үн катты.
Эске салсак, ушул тапта Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ЖМК өкүлдөрү менен жыйын куруп, суроолоруна жооп берүүдө.
Президент Садыр Жапаров журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйынында
Журналисттердин бири "Эки-үч күн мурда президенттин администрациясынын ырайым берүү комиссиясынын жооптуу кызматкери кармалды. Ал кол алдыңыздагы адам, буга кандай түшүндүрмө бере аласыз?" деп суроо узаткан.
"Жазында эле мага ал тууралуу маалыматтар келе баштаган. Чолпон Жакупованы кабыл алганда ырайым берүү комиссиясында акча алуулар болуп жатканын айткан. Мен ал баланы чакырып алып сүйлөшкөм. Түрмөдө отурган бир дагы бай адам жок, ырайым сурагандын баары кедейдин балдары дегем. Алар сага ата-энесинин саап ичип аткан уйун, минип жүргөн атын саттырып акча алып келип берет десем "жок, андай кылган эмесмин" деген. Акыркы бир жарым ай мурда УКМК текшере баштады, ким коррупцияга аралашып жаткан болсо, мейли ал менин бир тууганым болсун камагыла деген", — деп түшүндүрмө берди Жапаров.
Жапаров мурдагы бийликтин учурундагыдай жаап-жашырчу нерселер жок деген пикирин кошумчалаган.
"Президенттин администрациясы ушундай ишке барып жатыптыр дегенден уялып, жаап-жашырып койсок болмок. Бирок биз антпейбиз, жашыра турчу эч нерсе жок. Мурдагы бийликте камап, кайра чыгарып, кызматтан алып коюшчу, эл билбей калчу. Былтыртан бери коррупцияга баргандар аёосуз жазаланат деп келем. Муну сөзүбүз менен ишибиздин дал келгени десем болот", — деген мамлекет башчы.
Эске салсак, 18-октябрда президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы А.Т.Б. пара талап кылууга шектелип кармалган. УКМК ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке өзүнө пайда алуу максатында соттолгон адамдын маселесин оң тарапка чечүү жана ырайым кылынуучу адамдардын тизмесине киргизем деп С.Н. аттуу жарандан 170 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталганын билдирген.