БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, дипломатиялык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
"Өлкөбүздүн тышкы саясат кызматы өзүнүн бай тарыхы менен сыймыктана алат. Кыргыз дипломаттары бүгүнкү күндө улуттук кызыкчылыктарды коргоонун алдыңкы сабында туруп, дүйнөдө тынчтыкты чыңдоого, эң маанилүү глобалдык жана региондук маселелерди чечүүгө салым кошууда. Республикабыздын Тышкы иштер министрлигинин ишмердүүлүгүндө кыргыз дипломаттары жогорку кесипкөйлүгүн жана ата мекенине берилген кызматын далилдешип, улуттук кызыкчылыктарды коргоп, эл аралык аренада КРдин позициясын бекемдөөдө", — деп айтылган куттуктоодо.
Мамлекет башчы мындан сырткары ардагер дипломаттардын эмгегин белгилеген.
"Тышкы иштер кызматынын ардагерлеринин жана кызматкерлеринин мамлекетибиздин калыптанышына кошкон салымы баа жеткис", — деген Жапаров.
Президент бүгүнкү эл аралык татаал кырдаалда дипломаттардын кесипкөйлүгүн, чет элдик өнөктөштөр менен тил табыша билүүсү өтө маанилүү экендигин айткан.
Күн тартибинде тынчтыкты сактоо, стратегиялык стабилдүүлүктү чыңдоо, кризис жана конфликтилерди саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечүү, евразиялык интеграцияга көмөктөшүү маселелери турарын белгилеген. Буга эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, ошону менен бирге эл аралык уюмдардын алкагында өз ара иштешүүнү кошкон.
Жапаров экономикалык дипломатияны өнүктүрүүнү улантуу керектигин, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо зарылдыгын айткан.