Кийинки жумада Pfizer BioNTech вакцинасынын келиши күтүлүүдө

Кечээ министр Алымкадыр Бейшеналиев вакцинаны сактоо жана колдонуу шарттары менен таанышкан. Препараттар эл аралык KOVAX механизми аркылуу келмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстанга кийинки жумада, 27-октябрда, Американын Pfizer BioNTech вакцинасынын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 55 200 дозасы алып келинди
Мындан сырткары, KOVAX эл аралык механизми аркылуу алынган төмөнкү температурадагы төрт муздаткычтын техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалымат берилген.
Министр ошондой эле сезондук вирустук оорулар менен коронавирустун көбөйүшүнө даярдык көрүү үчүн мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын жетекчилерине ПЦР-лабораториялардын иштөө шарттарына көңүл бурууну тапшырган. Маалыматта тест тапшыруу үчүн кезекти азайтууга аракеттер көрүлүп жатканы айтылган.