Италиядан кикбоксчулар Федосеев, Бегматов коло, Фозилжанов күмүш медаль алды. Сүрөт

Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан онго чукул спортчу барган. Азыр үч спортчу медаль алды, анын бирөө Алексей Федосеев.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксчулар Италиянын Лидо шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында бир күмүш жана эки коло медалга татыды. Бул тууралуу КРдин Кикбокс федерациясынын социалдык тармактагы баракчасы маалымат чыгарды. 
Күмүш байгени К-1 боюнча 63,5 килограмм салмактагылар арасында Икбол Фозилжанов алды.
Ал үч беттешти катары менен камсыздап, финалга чыккан. Анда россиялык Виктор Михайловго калыстардын чечими менен утулуп, экинчи орунга татыган.
Алексей Федосеев "лоу-кик" боюнча 63,5 килограмм салмактагылар арасында ат салышкан. Ал биринчи кармашын утуп, экинчисинде жеңилип калган. Натыйжада ал коло медалга ээ болгон.
Ошондой эле дагы бир кыргызстандык спортчу Чыңгыз Бегматов үчүнчү орунга татыды.
Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан онго чукул спортчу барган.