Россия: Афганистандын жаңы бийлиги элдин жашоосун жакшыртууга аракет кылууда

Мария Захарова Афганистанда социалдык-экономикалык абал оор бойдон калып жатканын билдирип, Москва форматындагы сүйлөшүүлөрдө афган элине биргеликте жардам берүү талкуулангандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Россия Афганистандагы абалга тыкыр көз салып, жашоону жакшыртуу үчүн өлкөнүн жаңы өкмөтүнүн бардык аракеттерди көрүп жатканын байкоодо. Бул тууралуу РФтин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканы аталган ведомствонун сайтына жарыяланды. 
"Афганистандын жаңы бийлиги элдин жашоосун жакшыртууга аракет кылууда. Учурда айрым провинцияларда электр энергиясы менен камсыздоону калыбына келтирүү иштери болуп жатат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму афган элине полиомиелит дартына каршы эмдөө жүргүзүүгө талибдерден уруксат алды. Жакында кыздарга мектепке барууга уруксат берүү пландалып жатат", — деп айтылган маалыматта. 
Москвага талибдердин делегациясы келди
Ошондой эле Захарова Афганистанда социалдык-экономикалык абал оор бойдон калып жатканын билдирип, Москва форматындагы сүйлөшүүлөрдө афган элине биргеликте жардам берүү талкуулангандыгын айтты.
Август айында америкалыктар аскерлерин өлкөдөн чыгарууну айткандан кийин  "Талибан"* кыймылы активдешип, кийин өлкөнү каратып алган. Бул нерсе Афганистанда гуманитардык, экономикалык жана саясий кризисти жаратты. Анын кесепетинен коңшу өлкөлөргө качкындар агыла баштады.
* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм