Видео спорттук EN MODE REPLAY YouTube каналына жарыяланды.
RMC Sport телеканалы башаламандыктан улам "Сент-Этьен" жана "Анжи" клубдарынын беттеши бир саатка жылдырганын кабарлады.
Фанаттар жашыл майсаңга – оюн талаасына түтөгөн файер жана башка буюмдарды ыргытып, команда оюнунун жыйынтыгына нааразы экендигин билдиришкен. Андан сырткары "Сент-Этьендин" башкы машыктыруучусу Клод Пюэлдин кызматтан кетүүсүн талап кылган.
Франция чемпионатынын 10-матчынан кийин аталган клуб турнирдик таблицада акыркы орунда калган, тагыраагы, болгону 4 упайы болгон. Команда бир дагы жеңишти камсыздай албай, ал эми акыркы жети беттештин алтоосунда жеңилип калган.
Клод Пюэль "Сент-Этьенди" 2019-жылдан бери машыктырып келет. Былтыркы сезондо 11-орунду ээлеген.