Төө-Ашуу менен Суусамырда сак болгула! Милиция айдоочуларга кайрылды

Кайгуул кызматы айдоочуларды ашууларда ылдамдыкты өтө жогорулатпай, каршы тилкеге чыкпоого чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Чүй облустук милициясынын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы аба ырайы бузулгандыгына байланыштуу айдоочуларды Суусамыр өрөөнү менен Төө-Ашуудан өтүүдө сак болууга чакырды.
Билдирмеге караганда, кайгуул кызматынын өкүлдөрү аталган аймактарда жол тазалоо иштерин көзөмөлдөп, коопсуздукту камсыз кылууда.
"Айдоочулар өтө сак болуп, автоунаалар арасындагы аралыкты сактап, ылдамдыкты жогорулатпай, каршы тилкеге чыкпашы керек!" — деп жазылган маалыматта.
Буга чейин ӨКМ 22-23-октябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында аба ырайы кескин өзгөрүп, жаан, кээ бир жерлерге кар жаай турганын эскерткен.