Нарын шаарына 31 жаштагы Арслан Сталбек уулу мэр болду

Жаңы мэр 1990-жылы 2-апрелде Нарын шаарында туулган. 2008-2013-жылдары "Ататүрк-Ала-Тоо" эл аралык университетинен билим алып, каржы, насыя жана банк иштери адистигине ээ болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. 31 жаштагы Арслан Сталбек уулу Нарын шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.
31 жаштагы Арслан Сталбек уулу Нарын шаарынын мэри болуп шайланды
Анын айтымында, бүгүн, 22-октябрда, Нарын шаардык кеңешинин VII сессиясында мэрди шайлоо маселеси каралган. Бул кызматка Арслан Сталбек уулу жана Эмилбек Чымылдаков аттуу эки талапкер сунушталып, алар программалары менен тааныштырган.
"Сессияга 31 депутат катышып, жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Арслан Сталбек уулу мэр болуп шайланды. Ал 16 добуш, ал эми Эмилбек Чымылдаков 14 добуш алган", — деди кабарчы.
Арслан Сталбек уулу 1990-жылы 2-апрелде Нарын шаарында туулган. 2008-2013-жылдары "Ататүрк — Ала-Тоо" эл аралык университетинен билим алып, каржы, насыя жана банк иштери адистигине ээ болгон.