Энергетика министрлиги: 1-ноябрдан тарта жарык өчүрүлбөйт

Энергетика министрлиги кышында электр жарыгы атайылап өчүрүлбөсүн айтып, бирок үнөмдүү колдонуу керектигин эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. 1-ноябрдан тарта Кыргызстанда оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлады.
"Ведомство электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр болбошу үчүн болгон аракетин жумшайт. График боюнча ремонт иштери октябрдын аягына чейин бүтөт. Андыктан келерки айдан баштап оңдоо иштерине байланыштуу жарык өчүрүлбөйт", — деп айтылат билдирүүдө.
Анткен менен авариялык кырдаалдар учурунда жабдууларды калыбына келтирүү маалында жарык өчүп калышы мүмкүн.
Министрлик Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу керектигин дагы бир ирет эске салды.