Күнгө чагылышкан алтын күз. Бишкектин көз талдырган видеосу

Борбор калаада узаган жума ичинде күн жылуу болду. Аба ырайынын температурасы 19 градуска жетип, шаардыктар кечээ эле жеңил кийинип жүрүшкөн.
Sputnik
Күз келгени бирде ысыса, бирде сууп аба ырайы өзгөрүлмөлүү болууда. Кечээ, 21-октябрда, күн чайыттай ачылып, түркүн түскө боёлгон бак-дарактар шаардын көркүн арттырды.
Бирок жума соңунда аба ырайы сууй түшкөнү менен синоптиктер айдын аягында күн кайра жылый турганын кабарлады.