БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 125 кишиден коронавирус аныкталып, 59 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 180 348ге жетти. Анын ичинен 174 934 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, бир сутка ичинде төрт бейтап коронавирустун курмандыгы болгон. Аларды кошкондо оору 2 647 адамдын өмүрүн алды.
Азыркы тапта стационарда 639, ал эми амбулатордук шартта 622 адам дарыланып жатканы айтылды.