Ишембиге карата аба ырайы

23-октябрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ишембиде республиканын тоолуу райондорунда жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +6…+11, Талас өрөөнүндө +5…+10, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +9…+14, Ысык-Көлдө +2…+7, Нарында 0…+5 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +9…+11, Ош шаарында +11…+13 градусту көрсөтөт.