Бишкекте мамлекеттик инновациялык борбор ачылат. Сүрөттөр

Борбордо прототиптерди жасоо жана идеяларды текшерип көрүү үчүн өндүрүштүк лаборатория, балдар лабораториясы, заманбап жабдуусу менен коворкинг зона жайгаштырылганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда алгачкы мамлекеттик инновациялык борбор ачыларын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинен (Кыргызпатент) билдирди.
1 / 4
Кыргызстанда алгачкы мамлекеттик инновациялык борбор ачыларын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинен (Кыргызпатент) билдирди
2 / 4
Маалыматка ылайык, борбордун ачылыш аземине мамлекет башчы Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө
3 / 4
Ошондой эле өкмөт, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, IT-технологиялар боюнча эл аралык жана жергиликтүү эксперттер да келери айтылды
4 / 4
Инновациялык жайдын расмий ачылыш аземи 27-октябрь күнү саат 8:30да боло турганы кошумчаланды
Маалыматка ылайык, борбордун ачылыш аземине мамлекет башчы Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле өкмөт, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, IT-технологиялар боюнча эл аралык жана жергиликтүү эксперттер да келери айтылды.
"Борбордо Fablab — прототиптерди жасоо жана идеяларды текшерип көрүү үчүн өндүрүштүк лаборатория, Youth iLab балдар лабораториясы, заманбап жабдуусу менен коворкинг зона, конференц-зал, жолугушуу бөлмөлөрү, патенттик-техникалык фонд жайгаштырылган", — деп жазылат билдирмеде.
Инновациялык жайдын расмий ачылыш аземи 27-октябрь күнү саат 8:30да боло турганы кошумчаланды.