Суу ташкынга карабай тоюна чоң казанга отуруп келген түгөйлөр. Индиядагы видео

Болочок жубайлар журналисттерге баш кошуу үчүн атайын эмгек өргүү алгандыктан салтанатты кийинкиге жылдыргысы келбегенин айтып берген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Индиянын Керала штатында сүйүшкөндөр суу ташкынына карабастан баш кошушту. Бул тууралуу Russia Today телеканалы жазды.
Жуптардын үлпөтү боло турчу жайга чейинки жолдорду суу каптагандыктан, экөө тамак бышырган чоң казанга отуруп алып барган.
​Социалдык тармакка тараган видеолордон жаштарга суудан сүзүп өтүүгө салтанаттын коноктору жардам бергенин көрүүгө болот.
Жергиликтүү ЖМКлар болочок жубайлар Алаппужа шаарында медицина кызматкери болуп иштей турганын билишкен. Алар журналисттерге баш кошуу үчүн атайын эмгек өргүү алгандыктан салтанатты кийинкиге жылдыргысы келбегенин айтып берген. Күйөө бала башка транспорт таппай койгонун жана айрым жерлерин суу каптап кеткенине карабастан иш-чараны өткөрүүгө макул болгон чиркөөнүн администрациясына ыраазычылык билдирген.
"Бул биз кыялданбаган үлпөт тойго айланып кетти", — деген колукту.
Өткөн дем алыш күндөрү нөшөрлөгөн жамгыр Керала штатында сел менен жер көчкүгө айланып, кеминде 22 адам каза болгон. Куткаруу иштерин армия жана флот жүргүздү.