БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. 31-октябрга чейин газга болгон карызды төлөп, туумдан кутулууга мүмкүн. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы кабарлап, шаардыктарды акцияга катышууга чакырды.
Акция "Туумсуз карызды төлө!" деп аталат. Анын алкагында жаратылыш газына болгон карызды 31-октябрга чейин толук төлөгөндөрдүн тууму кыскартылат.
Суммасын компаниянын колл-борборуна (4444) чалып же газдын акыркы эсеп-дүмүрчөгүн карап билсе болот. Мобилдик чалуу акысыз экени айтылды.
"Акчаны "Газпром Кыргызстан" компаниясынын калкты тейлөө борборлорунан, GAZPROM.KG мобилдик тиркемесинен, терминалдардан же төлөм системаларынан төлөсө болот", — деп жазылат маалыматта.
Ишкана карызды төлөбөгөндөр батирде жашаса батирге газ берүү токтотуларын айтып, ал эми жер үйдөгүлөрдүкү көчө аркылуу өткөн газ өткөргүчтөрдөн өчүрүлөрүн эскертти.
"Эгерде газ өткөргүчтөн өчүрүлсө, аны кайрадан кошуу чыгымы орточо эсеп менен 3 миң сомду түзөт жана негизги карызды төлөгөндөн кийин гана уруксат берилет", — дешти ишканадан.
"Газпром Кыргызстан" бардык абоненттерди акцияга катышып, негизги карызды төлөөгө жана туумдан кутулууга чакырды.