Күн кайра ачылабы? Дем алышка карата аба ырайы

Апта этегинде кээ бир аймактарга жаан жааса, тоолуу жерлерге кар түшүшү ыктымал. Жекшемби күнү жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет ушул аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайы божомолун жарыялады.
Билдирмеге караганда, апта этеги кээ бир облустарда жаанчыл болуп, абанын температурасы төмөндөшү күтүлүүдө. Бирок айрым аймактарга жаан жаабайт.

Чүй облусу

23-октябрда түнкүсүн айрым райондордо жаан, тоолуу жерлерге кар жаашы күтүлөт. 23-октябрда күндүз жана 24-октябрда күн ачык болору айтылды.

Талас облусу

Таласта дем алышта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 8...10 градус болушу ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облусу

23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондорго жаан, кар жааса, тоолуу жерлерге кар түшүшү күтүлүүдө. Ал эми 23-октябрда күндүз жана 24-декабрда жаан жаабай турганы божомолдонду. Бул аймактарда абанын температурасы 15...17 градуска чейин жылыйт.
Ош шаарына качан жылуулук берилери айтылды
Нарын облусу
23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу жерлерге кар жааса, 23-октябрда күндүз жана 24-октябрда күн ачык болору айтылды. Абанын температурасы 3...8 градус болушу ыктымал.

Ысык-Көл облусу

23-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. 23-октябрда күндүз айрым райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми 24-октябрда жаан жаабайт. Абанын температурасы 5...10 градуска жылышы ыктымал.