Бишкекте үч көпүрө курулуп жатат. Чоо-жайы

"Бишкек шаарынын жол-көчө тармактарын өнүктүрүү" долбоору эки жылга эсептелген. Анын алкагында 60 көчө жана беш көпүрө ремонттолот.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында үч көпүрө курулуп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.
Биринчиси Ак-Босого конушунда. Ушу тапта Архитекторлор көчөсү Кыргыз көчөсүнөн тарта Кичи Чүй каналына чейин реконструкцияланууда. Аталган канал аркылуу өткөн эски көпүрө оңдолуп, жаңы көпүрөнүн курулушу дагы башталды. Учурда узундугу 18 метрге жеткен темир конструкция орнотулду. Курулуш иштери аяктаган соң жаңы көпүрөнүн узундугу 19, туурасы 12,5 метрге чейин болот;
Экинчиси Эне-Сай конушунда. Гидростроитель көчөсү аркылуу өткөн Аламүдүн суусунун үстүндөгү көпүрө реконструкцияланууда. Анын узундугу 31, туурасы 11,25 метр болмокчу;
Бишкекте мамлекеттик инновациялык борбор ачылат. Сүрөттөр
Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаевден Шабдан Баатырга чейинки бөлүгү оңдолууда. Анын алкагында Аламүдүн суусунун үстүндөгү узундугу 24,12 метрге жеткен көпүрө жаңыланат.
Эске салсак, "Бишкек шаарынын жол-көчө тармактарын өнүктүрүү" долбоору эки жылга эсептелген. Анын алкагында 60 көчө жана беш көпүрө ремонттолот.
Оңдоо иштери Кытайдын гранттык каражатынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Подрядчы — China Road and Bridge Corporation компаниясы.