Өкмөт үйүнүн алдында "АгроТехЭкспо 2021" жана "Алтын күз" аталышындагы эки жарманке өтүп жатат. Көргөзмөгө чыккан ишканалардын арасында кыргызстандык гана эмес, чет элдиктер дагы бар.
Чүй облусундагы жылкы чарбачылыгынын өкүлү Василий Саратовцев жарманкеге алып келген Ледокол аттуу айгыр тууралуу айтып берди. Першерон породасындагы бул жылкынын салмагы 915 килограмм.
"Мен муну алты айлык кезинде Россиядан алып келгем. Биздин шартта тарбиялагым келген. Бир жылдык болгондон тарта үйүргө кошуу үчүн даярдадым. Анткени биздин тоолорго, климатка көнүшү керек эле. Чоңойгондо алып келсең, көнүп кетерине көзүм жетпейт. Бул жылкыны тукум алуу үчүн алып келгем. Азыр кулундары туула электе эле алам дегендер көп. Алдын ала келишимдер түзүлөт. Баасы сүйлөшкөнгө жараша ар кандай болуп калат. Азыр алп жылкылар менен алардын кулундары спорттук аттарга караганда пайдалуу болуп жатат. Айрымдар көк бөрүгө, башкалар тукум алуу үчүн алышат", — деди фермер.
Кургакчылык күч алып жаткандыктан, мындагыларды Италиядан алып келинген сугат машинасы кызыктырды. Сугат техникасы менен алектенген компаниянын өкүлү Чубак Байконовдун айтымында, техниканын баасы 15 миң евро.
"Биринчиден, сууну үнөмдөйт, экинчиден, ар бир өсүмдүк өзүнө керектүү гана өлчөмдө суу алат. Үчүнчүдөн, суу тамырына чейин жетет. Түшүм жакшы болушу үчүн тамырында суу эмес, ным болушу керек", — деди адис.
Көргөзмө 24-октябрга чейин уланмакчы.