Сиз көрдүңүз беле? XXI кылымдагы эң мыкты 100 сериал тизмектелди

Тизмени түзүү үчүн ВВС 43 өлкөдөн 206 адисти сурамжылаган. Алар 2000-жылдын башынан баштап көрүүчүлөргө тартууланган 460 долбоорду көрүп чыгышты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. BBC корпорациясы XXI кылымдагы эң мыкты деген 100 сериалдын тизмесин жарыялады.
Тизмени түзүү үчүн ВВС 43 өлкөдөн 206 адисти сурамжылаган. Алар 2000-жылдын башынан баштап көрүүчүлөргө тартууланган 460 долбоорду көрүп чыгышкан.
Биринчи орунду HBO телеканалына таандык "Прослушка" сериалы алды. Бул 2002-2008-жылдары эфирге чыккан полиция турмушу тууралуу драма. Экинчи орунга AMC телеканалы тарткан "Безумцы" сериалы чыкты. Ал төрт ирет Emmy сыйлыгын алган.
Россиялык тасмага тартылган кыргызстандык курьерди режиссер издеп жатат. Видео
Бул экөөнөн кийин калыстарга "Во все тяжкие" сериалы жакты. АКШлык режиссёр тарткан бул тасма коомчулуктун купулуна толгон. Британиялык сценарист жана актриса Фиби Уоллер-Бридж тарткан "Дрянь" сериалы төртүнчү орунду ээледи.
Андан кийинки орундарга "Игра престолов", "Я могу уничтожить тебя", "Оставленные" жана "Американцы" сериалдары ээлеп, ондукту "Офис" менен "Наследники" сериалдары жыйынтыктады.