БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Баткен районунун Бужум айылында буга чейин изделип жаткан 33 жаштагы кишинин сөөгү өз үйүнүн ажатканасынан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, окуя болгон жерге ӨКМдин жалпы 13 куткаруучусу тартылып, маркумдун сөөгүн ажатканадан алып чыгып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берди.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 33 жаштагы Жигиталы Темирбаев буга чейин изделип жатканын маалымдады.
"Жоголгон адамдын эжеси 19-октябрь күнү милицияга арыз менен кайрылып, 33 жаштагы иниси Жигиталы Темирбаев үйүнөн 17-октябрь болжол менен саат 22:30дарда чыгып кеткен боюнча кайра келбегенин айткан", — деп жазылат маалыматта.
Аталган факт Баткен РИИБине "дайынсыз жоголуу" беренеси менен катталып, издөө иштери башталган.
"Криминалдык милициянын тажрыйбалуу кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжада Бужум айылынын И.М. аттуу 31 жаштагы тургуну менен анын 28 жаштагы Ж.Н. аттуу бир тууган инисин шектүү катары кармаган", — деп жазылат билдирмеде.
Шектүүлөр колго түшүрүлгөн соң факт Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктуна ("Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү") өзгөртүлүп, учурда тергөө иштери уланууда.
Бул иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилгени айтылды.