Алтын күздөгү Айсулуу! Ажары арткан балбан кыздын жаңы сүрөттөрү

Кадрлардан спортчу бактардын арасында сары жалбырактарга өңдөш кийим менен сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова алтын күздүн фонундагы ажайып сүрөттөрү менен Facebook баракчасынан бөлүштү. 
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова алтын күздүн фонундагы ажайып сүрөттөрү менен Facebook баракчасынан бөлүштү
Кадрлардан спортчу бактардын арасында сары жалбырактарга өңдөш кийим менен сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот.
Кадрлардан спортчу бактардын арасында сары жалбырактарга өңдөш кийим менен сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот
"№867 кыял орундалды! Алтын күз — сүрөткө түшүү үчүн сонун фон. Бала кезимден бери сары жалбырактардын фонунда фотосессия уюштурууну кыялданчумун. Муну ишке ашырууга кесиптештерим жардам беришти. Дарактар жалбырагынан ажыраганга чейинки учурду өткөрүп жибербеңиз", — деп жазган балбан кыз.
Интернет колдонуучулары спортчу кыздын сүрөттөрүнө суктанган билдирүүлөрдү калтырып, анын постун кайра бөлүшүп жатышат
Интернет колдонуучулары спортчу кыздын сүрөттөрүнө суктанган билдирүүлөрдү калтырып, анын постун кайра бөлүшүп жатышат.