БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Голливуд актёру Алек Болдуин тасма тартуу аянтчасында тапанчадан ок чыгарып, жыйынтыгында оператор аял каза болду. Бул тууралуу Нью-Мексико штатындагы Санта-Фе округунун шерифи Хуан Риоско шилтеме берип РИА Новости жазды.
Шерифке актёр Алек Болдуин тасмага реквизит катары пайдаланылып жаткан куралдан ок чыгарганы тууралуу маалымат түшкөн.
"Эреже боюнча ал куралга огу жок патрондор салынышы керек болчу. Бирок андай болгон эмес. Кесепетинде Алина Хатчинс аттуу 42 жаштагы операторго ок тийип, тик учак менен ооруканага жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алган жок. Ал эми акырегинен жаракат алган режиссёр Жоэл Соус аман калды. Анткен менен оорукана түшүп, учурда абалы оор деп бааланууда", — деп айтылат кабарда.
Полициянын маалыматына караганда, Болдуинге азырынча эч кандай айып тагыла элек.
Эмне себептен куралга ок салынганы жана актёр аны эмне себептен режиссёр менен оператор тарапка каратып атканы азырынча белгисиз.