Бишкек шаарынын эски аянтында 22-24-октябрь күндөрү фермерлер үчүн "АгроТехЭкспо 2021" көргөзмөсү жана "Алтын күз" айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Нурлан Кожогулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган көргөзмө республикада сегизинчи жолу өткөрүлүүдө.
"Көргөзмөгө жалпы 200дөн ашык чет элдик жана жергиликтүү компания, ишкерлердин катышуусу күтүлүүдө. Анда дыйкандарга заманбап техникалар, технологиялар, асыл тукум малдын жаңы породалары, жер семирткичтер, вакциналар жана банк кызматтары сунушталат. Мындан тышкары, окутуулар, айыл чарба тармагындагы кызмат көрсөтүүлөр болот. Бул жылы көргөзмөгө асыл тукум малдын породалары боюнча кошумча бөлүм кошулат. Ошондой эле органикалык айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өтөт. Аны өндүрүү боюнча мастер-класстар уюштурулат. Мындай көргөзмөлөр жакшы натыйжа берет. Анткени дыйкандар оруп-жыюу иштери жыйынтыкталган соң көргөзмөгө катышып тетиктер, техника боюнча маалымат алып тапшырык беришет. Быйыл лизинг берүү боюнча эки жаңы долбоор киргиздик. Февралда 540 миллион сом, октябрдын башында 446 миллион сом бөлүндү. Жылдын этегине чейин лизингге айыл чарба техникаларын берүүнү 900 миллиондон 1 миллиард сомго жеткирүүнү мерчемдеп жатабыз. Жалпы 450 техника дыйкандарга жеңилдетилген шартта берилет", — деди Кожогулов.
Ошондой эле ал республика боюнча 10 миңден ашык дыйкандын жана 5-6 миң Бишкек шаарынын тургундарынын катышуусу күтүлүп жатканын кошумчалады.
Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз: