Жаңыл Түмөнбаева: кыргыз кереметин Казы Дикамбаев менен Сакин Бегматова түптөгөн

24-октябрда кыргыз дипломаттары кесиптик майрамын белгилешет. Өлкөнүн тышкы саясатын тескеген министрликтин тарыхында коомчулук биле бербеген урунттуу учурлар арбын.
Sputnik
Бүгүнкү каарманыбыз атактуу мамлекеттик жана коомдук ишмер Жаңыл Түмөнбаева. СССРдин 1-класстагы Толук жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси 76 жаштын чайын ичип отурат. Түмөнбаева колумнист Алмаз Батилов менен баарлашып, 1989-1991-жылдары мамлекеттин тышкы иштер ведомствосунун өзөгү кандай түптөлгөнүн айтып берди.
— Мектепти күмүш медаль менен аяктаган турбайсызбы. Студент кезиңизде эле абдан активдүү экенсиз...
— Ооба, Панфилов районунун борборундагы №1 мектепте окугам. Атам төрт балам орус тилинде окуп, жакшы билим алсын деген ой менен атайын Орто-Арык айылынан райондун борборуна көчүп келген. Аймактагы кыргыздардын ичинен алгачкылардан болуп райондун борборуна орун которгон. Элдин 95 пайыздан ашыгы орус жана украин улутунун өкүлдөрү эле. Ушундан улам украинче да сүйлөп калганбыз. Бир туугандарым менен мектепте, көчөдө жалаң орусча сүйлөшчүбүз. Ал эми үйдө ата-энебиз менен кыргызча баарлашчубуз.
Класста жалгыз мен эле кыргыз болчумун. Адегенде 800дөй бала окуган мектепте болгону жети кыргыз бар эле. Үчөө кызматкерлердин балдары жана биз төрт бир тууган. Кийин райондун борборунда кыргыздар көбөйө баштады. Мугалимдер бизге абдан сапаттуу билим беришти. 1964-жылы мектепти күмүш медаль менен бүттүм. Кыргыз кыз орус мектебин күмүш медаль менен бүтүрүптүр деп аябай сөз болуп, кошуна айылдардагы кыргыздар балдарын мен окуган мектепке беришкен. Көбү мектепти ийгиликтүү аяктады. Арасынан мамлекеттик жана коомдук ишмерлер чыкканына абдан сыймыктанам. Ошол эле жылы Москва шаарындагы Текстиль институтуна өттүм. Окуудан сырткары коомдук иштерге аралашып, райондо өткөн комсомолдук конференцияларга делегат катары катышып жүрдүм. Москванын Октябрь райондук комсомол комитетинин мүчөсү болдум. Биринчи курстан англис тилин тандап алгам. 1969-жылы мартта жолдошум Жантай Орозбаев менен баш коштук.
Москва шаарындагы Текстиль институтунун 2-курсунун студенти Жаңыл Түмөнбаева. 1965-жыл
— Эң биринчи кайсы чет өлкөгө бардыңыз эле?
— 1967-жылы Чехословакиянын (азыркы Чехия менен Словакия 1918-1993-жылдары бир мамлекет болчу) борбору Прагада биздин институттан 25 студентти тажрыйба алмашууга жиберишти. 20 студенттин теги орус болчу, кавказдык жана азиялык республикалардан жалгыз мен элем. Чехословакия менен чектешкен Чоп шаарына (Батыш Украина) келгенде жалгыз мага виза берилбей бир топ убакыт күттүм. Кайра артка кайтам го дегем. Мени улуту кытай деп ойлошсо керек. Ошол учурда расмий Пекин менен Москванын ортосунда мамиле абдан курч болчу. Акыры виза берилди.
Бизди Чехословакиянын борборундагы олимпиада шаарчасында жайгаштырышты. 1,5 ай Прагада тажрыйба алмашуудан өттүк. Институтта англис тилин үйрөнгөнүмдүн абдан пайдасы тийди. Биз менен бирге башка чет элдик студенттер да бар эле. Алар менен англисче сүйлөшүп жаттым. Ал эми калган тайпалаштарым англис тилин билчү эмес. Адистигим боюнча чоң тажрыйба алдым, Чехословакиянын турмушун көрүп аябай таасирлендим. Чехословактардай талыкпай эмгектенип, өзүбүзгө шарт түзө алсак болот экен деп ойлодум. Ошондон баштап дипломатиядагы жолум башталды десем болот. Өндүрүштө иштеген адис сөзсүз экономикалык дипломатияга кызыгат. Анткени ал чыгарган продукциясын дүйнөлүк рынокко алып чыгышы керек. 1969-жылы жогорку окуу жайды кызыл диплом менен бүттүм.
Мексика, Ирак, Африкада иштеп... Кыргыздын алгачкы дипломаттары кантип тапталган
— Эмгек жолуңуз өндүрүштөн башталды. Андан кийин мамлекеттик кызматтын бүт тепкичтерин басып өттүңүз. Кыргыз ССРнин легендарлуу ишмерлери Казы Дикамбаев жана Сакин Бегматова менен чогуу иштедиңиз. Кандай мүнөздөмө берет элеңиз?
— Казы Дикамбаев менен Сакин Бегматова менин устаттарым. Экөө ушундай адамгерчиликтүү эле, накта ак сөөк болчу. Дикамбаев менен Бегматованын Кыргызстанга өтөгөн кызматы нар көтөргүс. Чогуу иштешип жүргөн учурда чет элдик делегацияларды тосчубуз, мага дипломатиялык протоколдун эрежелерин үйрөтүштү. Экөө тең билими боюнча экономисттер. Ошондуктан экономика менен социалдык чөйрөгө абдан көңүл буруп, бир топ ийгиликтерге жетишти. Ошол эле учурда билим менен маданиятты өнүктүрүүгө умтулуп, элдин аң-сезимин көтөрүштү. Ушундай ырааттуу иштин натыйжасында Чыңгыз Айтматов, Чолпонбек Базарбаев, Болот Миңжылкыев, Төлөмүш Океев сыяктуу залкарлар пайда болду. Булар дүйнө жүзүнө кыргыз кереметин даңазалашты. Дикамбаев менен Бегматова Кыргыз ССРнин социалдык-экономикалык, илимий, маданий жана өндүрүштүк ийгиликтерин советтик дипломатияга таянып чет өлкөлөрдө пропагандалашты. Мындай иш-чара дипломатиялык коштоо деп аталат. Кыргыздын ичинен алгачкы болуп Казы Дикамбаевге СССРдин Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси деген жогорку дипломатиялык ранг берилген.
— 1989-жылы Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болдуңуз. Ошол эле учурда тышкы иштер ведомствосун жетектедиңиз. Тышкы саясатты жолго коюуда ишти эмнеден баштадыңыз?
— Адегенде Тышкы иштер министрлигинин жумушун талдап чыктым. Ошол убакта ведомствонун штатында төрт эле кызматкер — ыраматылык Нургазы Кемелбаев, Дилде Сарбагышева, Мурат Иманалиев жана Молдоиса Дүйшөкеев иштечү. Кемелбаев кеңешчим эле. Сарбагышева экөө чет элдик делегациялар келгенде англис тилинен которуп беришчү. Дилде Бейшеновна түрк тили боюнча адис. Иманалиев кытай таануучу, аппараттын кызматкери эле. Дүйшекеев болсо француз тилинин адиси болчу.
Буга чейин негизинен Кыргыз ССРнин ТИМи протокол боюнча чет мамлекеттик делегацияларды тосуп алуу жана виза берүү гана кызматын аткарчу. Тилекке каршы, бул ведомствонун штатын кеңейтүү жөнүндө республиканын жетекчилиги түк ойлонгон эмес. 1970-80-жылдары экономика өсүп, товарларды дүйнөлүк рынокко алып чыгуу зарылдыгы жаралган. Демек түздөн-түз чет өлкөлөр менен экономикалык байланыштарды бекемдөө боюнча эл аралык келишимдерди иштеп чыгуу керек болду. Илимпоздорду, окуучулар менен студенттерди чет мамлекеттерде окутуп, тажрыйба алмашууга жиберүү сыяктуу маселелерди чечиш керек эле. Мен бул маселени төрт кызматкерим менен чече албастыгыма көзүм жетти. Ошол учурда РСФСР ТИМинин штатында 45 адис бар экен. Ал эми Казакстандын ушундай эле ведомствосунда 25 дипломат эмгектенчү. Казакстандын жетекчиси Динмухаммед Кунаев республикасынын дипломатиясын өстүрүүгө абдан көңүл бурган. Ошондуктан Кыргыз ССРнин коммунисттик партиясынын биринчи катчысы Абсамат Масалиев жана Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагуловго штатты кеңейтүү тууралуу кайрылдым. Экөө тең макул болбой коюшту, Москванын уруксаты керек болчу. Айлам кетип, Москвага барып СССРдин ТИМинин министри Эдуард Шеварнадзеге жолугуп, ага көйгөйүмдү айтып бердим.
— Эмне жүйө келтирдиңиз?
— "Кыргызстандын ТИМи СССРдин тышкы саясат ведомоствосунун курамында. Сиз, мурдагы министрлер дүйнө жүзүн иш сапар менен кыдырасыңар. Бирок бир да жолу союздук республикалардагы ТИМге барбайсыңар. СССРдин ичиндеги социалдык-экономикалык абал кандай экенин түк билбейсиңер. Ал эми Москвадагы башка министрликтердин жетекчилери союздук республикаларга байма-бай каттап, ал жердеги көйгөйлөрдү абдан жакшы билишет. Кыргыз ССРнин дипломаттарынын штатын кеңейтип бериңиз" дедим. Ал дароо менин өтүнүчтү түшүндү. Анткени Шеварднадзе Грузиянын коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болгон да. Мындай көйгөйлөрдү чечүүгө далай күч жумшаганы байкалды. Кадрлар боюнча орун басары Валентин Никифоровду Кыргызстанга үч күнгө жиберди. Ал Масалиев, Жумагулов менен кезигип, ТИМдин штатын кеңейтүү жөнүндө далилдерди келтирди. Алар Никифоровдун жүйөсүн угуп макул болушту. Шеварнадзенин орун басары Фрунзедеги жогорку окуу жай, театр, музейлерди, фабрика-заводдорду көрүп чыкты. Атургай Чолпон-Атадагы жылкы өстүргөн № 54 заводду да көрүп, Кыргызстандын социалдык-экономикалык, маданий, илимий жана өндүрүш жаатындагы жетишкендиктери аябай таң калтырды. Натыйжада Кыргызстанга он штаттык бирдик берилип, ошону менен 14 кызматкер болду.
Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун катчысы Жаңыл Түмөнбаева Гвинея Республикасынын делегациясы менен жолугуп жаткан учур. 1979-жыл, 14-декабрь
— Кесиптешиңиз, белгилүү дипломат Жумакадыр Атабеков өз маегинде ошол убакта эгемен Кыргызстандын тышкы иштер ведомствосунун өзөгү чыңдалды деп айткан. Кошуласызбы?
— Ооба, Атабековдун пикирине толук кошулам. Штатты кеңейтүүгө уруксат берилгенден кийин кадрларды издей баштадым. Себеби министрликтин ишмердүүлүгүн жаңы нукка салыш керек болду. СССР ТИМинин борбордук аппаратында иштеген кыргыздарды издеп, испан тили боюнча адис Жумакадыр Атабеков жана түрк таануучу Аскар Айтматовду таптым. Жумакадыр Аткуловичти өзүмө орун басар кылдым. Андан кийин "Советская Киргизия" менен "Советтик Кыргызстан" гезиттерине Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлиги эл аралык мамилелер боюнча адистерди жумушка чакырат деп орус, кыргыз тилинде жарыя бердик. Ошол жарыяны гезиттен окуп Евгений Каблуков, араб таануучу Закир Султанов өңдүү адистер келишти. Атүгүл заводдордо аргасыздан иштеп жүргөн ушул багыттагы адистер да келди.
Республиканын ТИМинин ичинде үч департамент ачтык. Консулдук департаментке Мурат Иманалиев жетекчи болду. Сырткы экономикалык жана маданий байланыштар боюнча департаментинин башчылыгына Талгат Чинетовду дайындадым. Ал Москвадан жогорку техникалык билим алып келген эле. Анын үстүнө Талгат Эрикович өндүрүш жана комсомол менен партиялык кызматтарда иштеп такшалган кесипкөй кадр болчу. Айтматовду маалымат-аналитикалык бөлүмдүн жетекчилигине койдум. Мындан сырткары, протокол жана мамлекеттик сырларды сактоочу бөлүмдөрдү ачтык. Ошентип, эгемен Кыргызстандын азыркы Тышкы иштер министрлигинин өзөгүн жогоруда сөз болгон кызматкерлер менен чыңдадык.
Жаңыл Түмөнбаева Кыргызстандын тунгуч президенти, биринчи премьер-министри Насирдин Исанов жана өкмөттүн башка мүчөлөрү менен чогуу түшкөн сүрөт. Фрунзе. 1990-жылы, декабрь
— Андан кийинки кадамдарыңар кандай болду?
— Биринчи кезекте чет элдик делегацияларды кантип тосуу жөнүндө усул китепче жаздык. Аны бүт министрликтер жана партиянын органдарына тараттык. Анткени ушул багыт боюнча жетекчилердин такыр кабары жок эле. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин функциясы кеңейген соң экономика, илимий жана маданий байланыштар алдыга жыла баштады да алгачкы болуп АКШнын Советтер Союзундагы элчиси Жек Мэтлок келди. Ал Орто Азия республикалары менен таанышуусун Кыргызстандан баштаган. Андан кийин Германия менен Франциянын элчилери келди. Алгачкы ирет Москвадагы 12 элчиликтин маданият боюнча атташелери менен кызматташуу жөнүндө Талгат Эрикович сүйлөшүү жүргүздү. Натыйжада алар Фрунзеге келип, байланыштарды күчөтүүгө өбөлгө түзүлдү.
Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном округу менен экономикалык жана маданий байланыштар боюнча кызматташууну баштадык. Муну менен соода-сатык алакасы түптөлдү. 1990-жылы 21-мартта Орто Азия менен Казакстан боюнча биринчилерден болуп Фрунзеде филармонияда Нооруз майрамын өткөрдүк. Ушул майрамга коңшу республикалардын Министрлер советинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басарлары келишти. 1990-жылы октябрда Советтер Союзунун башчысы Михаил Горбачёвдун жарлыгы менен мага жана Грузиянын тышкы иштер министрине СССРдин 1-класстагы Толук жана Ыйгарым укуктуу кенже элчиси деген ранг берилди.
Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлгөн. 75 жылга сыйган бай тарых
Ошол учурда Тажикстандагы коммунисттик партия жана оппозициянын ортосунда тирешүү башталып калган. Декабрда бул кошуна өлкөдөгү абалды билиш үчүн жетекчилик мени Душанбеге жиберди. Ал жерден расмий бийликтин жетекчилери менен жолуктум. Андан кийин Бириккен тажик оппозициясынын көрүнүктүү өкүлү, СССР боюнча белгилүү журналист Отахан Латифи менен кезиктим. Аны менен мурда тааныш элем. Душанбеден келген соң Тажикстандагы курч абал жарандык согуштун башталышына түрткү болору тууралуу жетекчиликке маалымат бердим. 1991-жылы 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүк алганда бардык министрликтердин ичинен тышкы иштер боюнча ведомство 40 жылдан ашык тажрыйбасына таянып, көз карандысыз саясат жүргүзүүгө даяр болчу. Бүгүнкү күндө да ошол ишти улантып, дипломаттар Кыргызстандын алдында чын дилинен кызмат өтөп келе жатат.
Автор маекти уюштурууга көмөк көрсөткөн Тышкы иштер министрлигине ыраазычылык билдирет.