Салык кызматынын төрагасына жаңы орун басар дайындалды

Руслан Суйналиев бул тармакта 25 жылдан бери иштейт. Буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаардык Свердлов району боюнча башкармалыгын жетектеген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Руслан Суйналиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады.
Буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Улуттук банктын мурдагы төрагасы Улан Сарбанов кызматка дайындалды
Суйналиев буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаардык Свердлов району боюнча башкармалыгын жетектеген. Бул тармакта 25 жылдан бери иштейт.
Катардагы инспектордон тарта Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча бир катар аймактык башкармалыктардын начальниги кызматтарына чейин жеткен.