БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Коронавирустун "дельта" штаммынын AY.4.2 деп аталган жаңы варианты Россияда табылды. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесиндеги илдеттерди аныктоо боюнча жаңы ыкмаларды издеген илимий топтун жетекчиси Камиль Хафизов билдирип, ал жайылып кетиши мүмкүн экенин кошумчалады.
Буга чейин Улуу Британиядагы Сенгер жана Кембридж окуу жайларынын окумуштуулары "дельта" штаммынын 10-15 пайызга көбүрөөк жуккан AY.4.2 варианты чыкканын айтышкан.
"Бул вариантты "дельта плюс" деп дагы атап жатышат. Бирок мурда бул ат "дельтанын" башка вариантына берилген. Андыктан көпчүлүктүн башы айланып калды. Вирустун бул түрү канчалык жугуштуу экенин азырынча так кесе айта албайбыз, аныктап жатабыз. Бирок окумуштуулар коронавирустун кайрадан күч алып жатканына дал ушул варианттын тиешеси бар деп эсептебейт", — деди Хафизов.
Ошол эле учурда адис Россияда коронавируска каршы колдонулуп жаткан вакциналардын күчү AY.4.2 вариантына дагы жетерин билдирди.
"Вакциналар вирустун AY.4.2 вариантына туруштук бере алат. Анткени инфекция анчалык чоң өзгөргөн эмес. Адистер мутация вирустун S-белогунда болгонун айтууда. Демек, анын жугуу мүмкүнчүлүгү күчөгөн. Бирок оору мурдагыдан оор өтөт деп айта албайм", — деди эпидемиолог.
Эске салсак, Россияда коронавируска кабылгандардын саны өсүп, акыркы кезде бир нече ирет рекорддук көрсөткүчкө жетти.