Элчи Россия Кыргызстандын кайсы жерлерине мектеп курарын айтты

Белгилей кетсек, орус тилдүү мектеп директорлорунун форуму бүгүн башталып, иш-чара эки күнгө созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Россиянын каржылоосу менен Кыргызстанда салынчу тогуз мектептин курулушунун документтери иштелип жатканын айтты.
Ал орус тилдүү мектеп директорлорунун форумуна катышкан.
"Өзүңүздөр билгендей, азыркы тапта Россиянын каржылоосу менен Кыргызстанга салына турчу мектептердин курулушунун документтери иштелип жатат. Билим берүү мекемелери Ош, Каракол жана Чүй облусуна курулат", — деген Удовиченко.
Россия Кыргызстанда 9 мектеп ачуу ниетинде. Мекендештер конгрессинин мүдөөсү
Элчи эки мамлекеттин билим берүү жаатында кызматташуусунун дагы бир маанилүү элементи Россиянын жогорку окуу жайларында кадрларды даярдоо болуп эсептелерин айтып, Кыргызстанда коомчулук орус тилин билүүгө кызыгарын белгилеген. Ал мындай форум Кыргызстанда эле эмес, бардык КМШ өлкөлөрүндө өткөрүлүп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, орус тилдүү мектеп директорлорунун форуму бүгүн башталып, иш-чара эки күнгө созулат. Аны Россия элчилиги менен Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги уюштурган. Анда окуу процессин уюштуруу, өлкөдөгү мектептерде орус тили боюнча балдардын билимин өнүктүрүүнүн келечеги, Россиядан гранттык колдоо алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселелер талкууланмакчы.