Путин Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн көмөктөшүүгө чакырды

Россия лидери баңгизатты өндүрүү жана сатуу Афганистанда негизги көйгөйдү жаратып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Афганистандын экономикасын калыбына келтирүү үчүн жардам берүү керектигин билдирди.
Ал бүгүн Валдай форумунда сүйлөп жатат.
“Кырдаал өз убагында жана тийиштүү темп менен жөнгө салынышы үчүн, албетте, Афганистандын экономикасын калыбына келтирүүгө жардам берүү керек”, — деди Путин.
Россия лидери баңгизатты өндүрүү жана сатуу өлкөдө негизги көйгөйдү жаратып жатканын белгиледи.
“Бирок акчалары жок болсо, алар кайда барат. Социалдык маселелерин кантип каржылайт?” — деди Путин.