Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн автоунаанын импорту кыскарды. Тизме

Былтыркы жылдын январынан тарта август айына чейин чет өлкөдөн автоунаа ташып иштегендер 21 593 машинаны алып келүүгө үлгүргөн эле. Быйыл бул көрсөткүч бир топ кыскарды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстанга быйыл сегиз ай ичинде былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 14 миң жеңил унаага аз алып келинди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
2021-жылдын январынан тарта август айына чейин 7 425 машина киргизилген. Ал эми өтүп кеткен жылдын август айына чейин сатуучулар 21 593 машинаны алып келүүгө үлгүргөн эле.
Жалпысынан импорттун көлөмү азайганы менен Россия, Грузия жана Түштүк Кореядан келген автоунаалардын саны мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк болгон. Ал эми АКШдан 21 эсе, Казакстандан 20 эсе кыскарган.