Радио

Акматов: аймактагы ишкерлер юридикалык, финансылык билимге муктаж

JIA бизнес-ассоциациясынын регионалдык кеңешинин мүчөсү Урмат Акматов аймактагы ишкерлердин юридикалык, финансылык билимин жакшыртууга көңүл бурулушу керектигин айтты.
Sputnik
Кыргызстандын калкынын көбү аймактарда жашагандыктан элеттеги ишкерлер колдоо тапса, өлкөнүн экономикасынын тез өнүгүшүнө өбөлгө түзүлөт. Мындай пикирин Урмат Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аймактагы бизнес өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуп туруу абдан маанилүү.
"Региондогу ишкерлер күчтүү болсо, экономиканын да тез өнүгүшүнө жол ачылат. JIA бизнес-ассоциациясы да учурда аймактагы ишкерлер менен тыгыз иш алып барып, ишти илгерилетүү усулдары менен бөлүшүп келет. Атайын "ишкердик кербендери" аркылуу маалыматтык кампанияларды уюштурууда. Бүгүнкү күндө аймактагы ишкерлер юридикалык, финансылык билимге муктаж. Өзгөчө пандемиядан кийинки абал бул чөйрөдө жүргөн көп адамды чыгымга учуратты. Аларды колдоо максатында чаралар жасалууда. Бирок мындай колдоо мамлекет тарабынан да үзгүлтүксүз болуп турушу керек", — деди Акматов.
Ошондой эле адис айылдагы жаштар маалыматтык технологиялар адистигине да кызыгып жаткандыгын кошумчалады.