Пресс-борбор

Бишкекте 15-сентябрдан бери 50 окуучу коронавирус менен ооруду

Вице-мэр Виктория Мозгачева бир айга жакын мезгил ичинде коронавирус бишкектик тогуз мугалимден чыкканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Окутуу офлайн болгондон, тагыраагы, 15-сентябрдан бери Бишкектеги мектептерден 50 окуучудан COVID чыкты. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева
"Окуучулар арасынан коронавируска чалдыккан 50 бала, ал эми билим берүү жайларынан 12 кызматкер катталды. Алардын ичинен тогузу мугалим болсо, үчөө кошумча жардам берген түзүмдөрдөн чыкты", — деди Мозгачева.
Учурда карантинге Бишкекте алты мектептен жабылган тогуз класс төмөнкүлөр экенин айтты:
Мэрдин орун басарынын маалыматына караганда, Бишкекте коронавируска каршы вакцинаны мектеп мугалимдеринин 75 пайызы алган.