Бишкекте унаа токтотуучу жайдын кызматкерлери митингге чыкты

Митингчилер жаңы жетекчиликке нааразычылыгын билдирип, анын кызматтан алынышын талап кылышкан. Вице-мэр нааразы тарапты кабыл алып, жакында бул маселеге чекит коюларын убадалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдында унаа токтотуучу жайдын кызматкерлери митингге чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
1 / 3
Бишкек мэриясынын алдында унаа токтотуучу жайдын кызматкерлери митингге чыкты
2 / 3
"Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары" муниципалдык ишканасында иштеген 20дай адам ишкананын жаңы директору Талантбек Жамгырчиевге нааразычылыгын билдирип, анын кызматтан алынышын талап кылган
3 / 3
Митингчилердин айтымында, Жамгырчиев 30дай жумушчуну иштен кетирип, ордуна өзүнүн туугандарын алып алган. Мындан сырткары, алар күнүмдүк план дагы жогорулаганын билдиришти
"Бишкек токтотмолору жана унаа туруктары" муниципалдык ишканасында иштеген 20дай адам ишкананын жаңы директору Талантбек Жамгырчиевге нааразычылыгын билдирип, анын кызматтан алынышын талап кылган.
Митингчилердин айтымында, Жамгырчиев 30дай жумушчуну иштен кетирип, ордуна өзүнүн туугандарын алып алган. Мындан сырткары, алар күнүмдүк план дагы жогорулаганын билдиришти.
Нааразы болгондордун айрымдарын вице-мэр кабыл алып, экинчи тараптын пикирин уккандан кийин бул маселе чечилерин айткан. Чиновник ошондой эле эч ким кызматтан кетпей турганын кошумчалаган.