БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 114 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап өмүрү менен коштошту. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлады.
Ал эми бир сутка ичинде 60 адам оорудан айыгып кетти.
"Соңку суткада эки киши коронавирустан көз жумду. Алардын COVID-19га каршы вакцина албагандыгы айтылды", — деп билдирди штаб.
Муну менен илдет пандемия башталгандан тарта жалпы 2 643 адамдын өмүрүн алган.
Жуктургандар:
Өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 180 223кө жетти. Анын ичинен 174 875 киши дартты жеңген. Азыркы тапта стационарда 640, ал эми амбулатордук түрдө 560 адам дарыланып жатат.