Радио

Алапаева: быйыл 110 миңден ашуун жаранга "балага сүйүнчү" төлөндү

Социалдык колдоо, эмгек жана миграция министрлигинин социалдык камсыз кылуу департаментинин социалдык тейлөө бөлүмүнүн башчысы Нуржан Алапаева өлкөдөгү жөлөк пулдар боюнча маалымат берди.
Sputnik
Быйыл жумушсуздук боюнча жөлөк пулду алууга 70 миңдей адам кайрылган. Анын ичинен 248 адамга берилди. Бул тууралуу Нуржан Алапаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, министрлик жалпысынан жарандарга 11ден ашык кызмат көрсөтөт.
"Сентябрга карата жумушсуздук боюнча жөлөк пулду алууга 70 миңдей адам кайрылган. Анын ичинен 248 адамга берилди. Бул жөлөк пул жаран жумушсуз катары расмий катталгандан кийин 11 күндөн баштап дайындалат. Ал жарандын эмгек тажрыйбасына жараша коэффициенттик, пайыздык өлчөмдө бекитилет. Ал эми "үй-бүлөгө көмөктү" 16 жашка чейинки балдары бар 113 миң аз камсыз үй-бүлө алат. Ошондой эле ар кандай категорияда майыптыгы барлар, ата-энеси же камкордуктан ажыраган 96 миңден ашуун жаранга социалдык жөлөк пул төлөнөт. Мындан тышкары, ардагерлер, "афганчылар" жана башка жалпы 25 категориядагы 35 миң жаранга акчалай компенсация берилүүдө. Булардан сырткары, бир жолку берилүүчү төлөмдөр бар. Мисалы, ушул жылы 110 миңден ашуун жаранга "балага сүйүнчү" төлөндү. Ал төрт миң сомдон, үч эм же андан ашса ар бир балага 50 миң сомдон каралат. Быйыл 25 миңдей аял кош бойлуулук жана төрөт боюнча, эки миңден ашуун жаран сөөк коюу боюнча жөлөк пул алды", — деди Алапаева.
Ошондой эле ал "Түндүк" порталына кирбеген ведомстволордон эле маалым каттар талап кылынарын кошумчалады.