БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Атайын кызмат тарабынан пара алууга шектелип "Достук" текшерип өткөрүү пунктунун башчысы А.Э., УКМКнын Ош облусу боюнча чек ара кызматынын башчысы Ч.Н. жана Чек ара кызматынын башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары К.Б кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
"Такталгандай, "Достук" өткөрмө пунктунун жооптуу кызматкерлери Чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин колдоосу менен чек арадан өтүп жаткан адамдардан, негизинен Өзбекстандын жарандары менен оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан опузалап акча жыйнашканы аныкталды", — деп жазылган маалыматта.
Аталган факт Жазык кодексинин 325-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту ("Адамдардын тобу тарабынан пара алуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Шектүүлөр УКМК Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка жогору кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.