Sputnik Кыргызстандын журналисттери Инвестиция министрлигинин сынагында жеңүүчү болду

Сынактын негизги максаты — окурмандардын эл аралык каржылоо боюнча көбүрөөк маалымат алуусуна шарт түзүү жана журналисттерди чыгармачылык жактан шыктандыруу.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкекте Инвестиция министрлиги журналисттер үчүн уюштурган сынактын жыйынтыгы чыкты. Ага Россия тараптан каржыланган ПРООНдун “КМШ аймагындагы туруктуу өнүгүүнү каржылоо үчүн потенциалды бекемдөө” долбоору колдоо көрсөткөн.
1 / 3
Бишкекте Экономика министрлиги журналисттер үчүн уюштурган сынактын жыйынтыгы чыкты
2 / 3
Жеңүүчүлөрдүн арасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун редактор-баяндамачысы Таалай Ороскулов жана кабарчысы Бакыт Толканов бар
3 / 3
Сынак эки багыт боюнча өткөрүлгөн: эл аралык финансы институттарынын туруктуу өнүгүү боюнча каражаттарын алууга мүмкүнчүлүк жана инвестиция тартуу.
Жеңүүчүлөрдүн арасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун редактор-баяндамачысы Таалай Ороскулов жана кабарчысы Бакыт Толканов бар.