Алиев: ишкерлер үч салыктын ордуна бир салык төлөйт

Экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев Салык кодексинин жаңы редакциясында кандай өзгөртүүлөр болорун айтып берди.
Sputnik
Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык, ишкерлер үч салыктын ордуна бир салык төлөйт. Бул тууралуу Бекболот Алиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Салык кодексинин жаңы редакциясы иштелип чыгып, 1-сентябрдан тарта коомдук талкууга коюлган.
"Салык кодексинин жаңы редакциясында ишкерликке ыңгайлуу жана жөнөкөй кылуу менен көмүскө экономиканы азайтуу каралган. Коомдук талкууга койгонго чейин ишкерлер, ассоциациялар менен иштештик. Алардын 300гө чукул сунуштары эске алынып, 5-6 маселе боюнча талаштуу иш калды. Салык кодексинин жаңы редакциясында олуттуу өзгөртүүлөр бар. Салыктык жүк азайтылып, жол-жобосу жеңилдетилип, жалпы жана жөнөкөйлөтүлгөн бирдиктүү режим киргизилүүдө. Бирдиктүү салык режиминде 30 миллион сомго чейин акча жүгүртүү болсо бир пайыз алынып, бир гана отчет тапшырылат. Жалпы режимде болсо эл аралык байланыштары бар чоң компаниялар үчүн киргизилди. Алар эл аралык нормалардын негизинде өзүнүн ачыктыгын көрсөтүп иш алып барууга ыңгайлаштырылган. Ишкерлер сатуудан, киреше жана кошумча нарк салыктын ордуна бир эле салык төлөйт", — деди Алиев.
Ошондой эле ал товар өндүрүүчүдөн колдонуучуга жеткенге чейин көзөмөл жүргүзүү системасы киргизилип жатканын кошумчалады.
Подкастты толугу менен видеодон көрө аласыз: