БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Россиялыктар пандемиядан улам 30-октябрдан 7-ноябрга чейин эс алышат, бул аралыкта айлык акы сакталат. Өкмөттүн сунушун президент Владимир Путин колдогонун РИА Новости жазды.
Путин өкмөт өкүлдөрү менен курган видеожыйында коронавирустун жайылышын токтотуу керектигин айткан. Ошондой эле аймактын башчыларына кырдаалга карап чектөөлөрдү өз алдынча киргизе берсе болорун билдирип, зарылчылыкка жараша эс алуу күндөрүн 7-ноябрдан кийин да узартыларын белгилеген.
Мындай чараларды буга чейин өлкө башчыга вице-премьер Татьяна Голикова сунуштаган.
Акыркы учурда Россияда коронавирусту жуктургандар жана каза тапкандар көбөйүүдө. Өткөн суткада 1 028 киши көз жумуп, 34 073 адам оору жуктурган.
Кечээ Москва бийлиги бир катар чектөөлөрдү киргизген. Ага ылайык, вакцина албаган жашы өткөн адамдар үч айга обочолонууга кетет, иш берүүчүлөр эмделген кызматкерлеринин кеминде 30 пайызын аралыктан иштетиши керек, ошондой эле 1-январга чейин тейлөө тармагындагы кызматкерлердин 80 пайызы вакцина алышы шарт.