Партиялык система менен 1046 киши депутат болууну мелжеп жатат. Статистика

Партиялардын тизмесине кирген талапкерлердин 669у эркек, 377си аялдар. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар — 46, башка улуттун өкүлдөрү 189 киши болду.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Парламенттик шайлоого катышуу үчүн 21 саясий партия 1 046 талапкерди көрсөттү. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.
Аталган партиялардын тизмесине кирген талапкерлердин 669у эркек, 377си аялдар. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар — 46, башка улуттун өкүлдөрү 189 киши болду. 35 жашка чейинки талапкерлер — 267.
29-октябрга чейин Боршайком тапшырылган документтердин мыйзамдуулугун текшерип, талапкер катары каттайт.
Мыйзамга ылайык, саясий партия бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54 талапкерди тизмесине киргизе алат. Бул учурда ал төмөнкүдөй өкүлчүлүктү эске алууга тийиш:
Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмеси көрсөтүлгөндөн кийин анын курамы жана андагы талапкерлердин жайгашуу тартиби өзгөртүлбөйт. Талапкер тизмеден чыгып кеткен учурда анын номери башка талапкер менен толукталбайт.