Кыз жардам сурап кыйкырган. Ошто ала качууга шектүүлөр кармалды

Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнө 19-октябрь күнү саат 18:30да жергиликтүү тургундан кабар келип түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. – Sputnik. Ош шаарында 19 жаштагы кызды ала качууга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 19-октябрь күнү, саат 18:30да Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургундан кабар түшкөн. Анда Ош шаарынын Исанов көчөсүндө троллейбустардын акыркы аялдамасында белгисиз адамдар кызды күч колдонуп автоунаага салып кеткени айтылган.
"Мындан жарым саат өтпөй Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында кызмат өтөп жаткан жол инспекторлору өтүп бара жаткан автоунаалардын биринен "жардам бергиле" деген кыздын үнүн угуп калышкан. Артынан кууп, Учкун айылындагы жол чыракка жеткенде токтотушкан. Текшерүү учурунда кыз аны ала качып бара жатышканын айтып, жардам сураган", — деп айтылат билдирүүдө.
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш Ош шаардык милициясына өткөрүп берилди. Тергөө жүрүп жатат.
Жабырлануучу Жалал-Абад облусунун 19 жаштагы тургуну экени аныкталды. Шектүүлөр дагы ошол эле облуста туулган 25 жана 26 жаштагы жарандар болуп чыкты.