Москвага талибдердин делегациясы келди

Талибан делегациясын мүчөлөрү Москвадагы эл аралык сүйлөшүүлөрдө
Жолугушууда Афганистандагы бийлик алмашкандан кийинки аскердик-саясий абал, гуманитардык колдоо жана министрлер кабинетинин түзүлүшү боюнча негизги маселелер талкууланат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-окт. – Sputnik. Россиянын борборуна талибдердин делегациясы келди. Шаарда Афганистан боюнча сүйлөшүүлөр "Москва форматы" боюнча жүргүзүлөт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Коноктор сапарынын алкагында эки тараптуу жолугушууларды дагы жүргүзмөкчү. Негизги тема боюнча консультациялар менен форумдарга региондогу 10 мамлекеттин делегаттары, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Афганистандын азыркы өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Абдул Салам Ханафи катышат.
"Жолугушууда Афганистандагы бийлик алмашкандан кийинки аскердик-саясий абал, гуманитардык колдоо жана министрлер кабинетинин түзүлүшү боюнча негизги маселелер талкууланат", — деп айтылат маалыматта.
Талибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив
Иран Афганистан боюнча Москвада өтүүчү отурумга катышат
Талибдер өкмөттүн курамын сентябрдын башында эле жарыялаганы менен көптөгөн мамлекеттер алардын берген убадасына карабастан афган бийлиги өлкөдөгү бардык этникалык көпчүлүктүн жана саясий күчтөрдүн жүзү катары эсептелбей турганын айтып келишет.
Август айында америкалыктар аскер күчүн өлкөдөн чыгара баштаганда бийликти "Талибан"* кыймылы басып алган. Бул нерсе өлкөдө гуманитардык, экономикалык жана саясий кризисти жаратты. Коңшу өлкөлөргө качкындар агыла баштады.
* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм